Башмакова Зинаида Дмитриевна

Википедия дан

Башмакова Зинаида Дмитриевна - (1941-ж., Ысык-Көл облусу, Каракол) академиялык кайыкта сүзүү боюнча Кыргыз ССРинин жана СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу (1983). КМДТИни 1964-ж. бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, «СССР спортунун чебери» наамын алган. КМДТИни бүтүргөндөн тартып балдардын спорттук, кийинчерээк олимпия резервдерин даярдоочу жана спорттук жогорку чеберчилик мектебинде машыктыруучу. 196994-ж. Кыргыз Республикасынын курама командасынын улук машыктыруучусу. СССРдин бир катар алдыңкы спортчуларын даярдаган. Алардын катарында Валентина Неплах (Европанын жаштар арасындагы эки жолку күмүш байгенин ээси), (СССРдин 12, дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, көптөгөн эларалык мелдештердин жеңүүчүсү).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4