Баштапкы кесиптик билим берүү

Википедия дан

Баштапкы кесиптик билим берүү – эл чарбасынын түрдүү тармактары үчүн квалификациялуу жумушчулар даярдоочу мекеме.

Мындай окуу жайларга 9 жылдык билими барлар да, 11 жылдык билими барлар да кабыл алынат. 9 жылдык билими барлар кесипке үйрөнүү менен бирдикте 10–11-класстын окуу программасын толук өздөштүрүп, орто билимге да, жогорку окуу жайга кирип окуу укугуна да ээ болушат.

Учурда республикада(2004 жыл) 56 кесиптик орто билим берүүчү окуу жай бар. Аларда 29,3 миң окуучу окуйт. Бирок, азыр орто билим берүүчү техникалык окуу жайлардын саны күн санап азайып бара жатат. Анткени аларды эмгек менен камсыз кылуучу завод, фабрикалар, айыл чарба ишканалары кыскарып же башка технологиялык кайра курууларды баштан кечирип жатат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,