Баштапкы коомдук сунуш

Википедия дан

Баштапкы коомдук сунуш (БКС; англ. Initial public offering, IPO) — коомдук сунуштун бир түрү. Анда компаниянын үлүштөрү көбүнесе институттук инвесторлорго сатылып, алар болсо өз кезегинде үлүштөрдү фонддук биржа аркылуу биринчи жолу жалпы элге сатышат. Ушундай жол менен жеке менчик компания коомдук ишканага айланат. Баштапкы коомдук сунуш көбүнчө капиталды көбөйтүү, мүмкүн алгачкы жеке инвесторлордун салымдарын пулдоо жана ачык соода жүргүзгөн ишканага айлануу үчүн пайдаланылат. Үлүшүн саткан компания коомдук инвесторлорго капиталын төлөп берүүгө милдеттүү эмес. БКСтан кийин, үлүштөр ачык базарда эркин жүгүртүлө баштаганда, акча коомдук инвесторлордун ортосунда өтүп турат. БКС көптөгөн артыкчылыктарга ээ болсо да олуттуу кемчиликтери дагы бар. Алардын эң башкысы — атаандаштарга пайдалуу болушу мүмкүн болгон белгилүү бир маалыматты ачыкка чыгаруу талабы жана жараянына байланышкан чыгымдар. БКС жараяны күнүмдүк тилде коомго ачык чыгуу дегенди билдирет.

Сунуштун деталдары потенциалдык сатып алуучуга ачыкка чыгарылат. Ал проспектус деп аталган узун документ түрүндө болот. Көпчүлүк компаниялар БКСты камсыздоочу катары инвестиция кылган банк фирмасынын жардамы менен мойнуна алат. Камсыздоочулар үлүштүн наркын туура баалоо (үлүш баасы), үлүштөр үчүн коомдук базарды түзүү (баштапкы сатуу) сыяктуу бир нече кызматтарды көрсөтүшөт. Голландия аукциону сыяктуу алтернативдик ыкмалар да изилденген. Өлчөмү жана адамдардын катышуусу жагынан алганда, бул ыкманын эң негизги эки мисалы – Google IPO жана Snapchat'тын үстүндө турган Snap Inc. компаниясы. Кытай болсо акыркы убактарда өлкөдөгү бир нече чоң БКСтары менен эң ири БКС базары катары чыга келди.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]