Баштерек көмүр кени

Википедия дан

Баштерек көмүр кени Ош облусунун Өзгөн районунда, Өзгөн шаарынан 45 км чыгышта, Жазы суусунун сол өйүзүндө. 1945-ж. алгачкы геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагында юра мезгилинин калыңдыгы 500 мге чейинки чөкмө тектери жатат. Алар бүктөлүүлөргө дуушарланып синклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Көмүрдүн эки катмары юранын чопо, кумдук, гравелит жана алевролит тектеринин арасында жайгашкан. Калыңдыгы 0,40–3,50 м. Көмүр орто күлдүү (16%), коксталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]