Баштыкчалуу козу карындар

Википедия дан
Helvella crispa.

Баштыкчалуу козу карындар, аскомицеттер (Ascomycetes) - татаал түзүлүштүү козу карындардын чоң классы.

Жипчелери көп клеткалуу. Мүнөздүү белгиси: тукумдук денелеринде баштыкчаларды пайда кылат. Алар жыныстык процесстен пайда болот. Баштыкчада 8ден спора (аскоспора) калыптанат. Баштыкчалуу козу карындар кээде конидиялары менен көбөйөт. Көпчүлүгү азык-түлүктөрдө (кеберлер), ичимдиктерде (ачыткылар) өсүп, алардын бузулушуна себеп болот. Кээ бири (ак кебер, өсүмдүк рагы, темгил, чакалай, чирик), көбүнчө өсүмдүктөрдө, чандасы кишиде жана жаныбарларда мителик кылат. Айрым Баштыкчалуу козу карындар тамак-ашка ачыткы катары колдонулуп, кээсинен медицинада кеңири пайдаланылуучу пенициллин препараты даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.