Баш кийим

Википедия дан

«Баш кийим бардык элде бар, Байыртан жашап келди алар, Атадан калган балага, Андан да кымбат эмне бар»

(Байдылда).

Бул — башка кийилүүчү кийимдин жалпы наамы. Ар бир элдин, жердин шартына, салтына жана жынысына карата баш кийим да ич ара бөтөнчөлөнөт. Кыргыз элинде калпак, тебетей, малакай, топу, элечек, шөкүлө, кеп такыя өңдүүлөр болгон. Баш кийим жылдын төрт мезгилине жана аба ырайына карата кийип жүрүүгө шартташат да, малдардын, андардын терилеринен, кийизден жана кездемелерден бычылып тигилген.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)