Баш кийимди алып качуу

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 8—16 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Колдонуучу буюмдар. Тебетей, калпак, топу.

Даярдык көрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи шайланат, калган оюнчулар эки топко бөлүнүп, 1—2 метрлик аралыкта бир бирин карашып турушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчисинин буйругу боюнча бир топтун оюнчулары экинчи топтун оюнчуларынын арт жагында турушуп билдирбей келишип баш кийимдерин жула качуулары керек.

Баш кийимдин ээлери аларды марага чейин артынан кубалап жетип алууга аракеттенишет. Кубалап жетишкен оюнчуларга жеңиш упайлары берилет. Эгерде кубалап жете албай калышса, упайлар баш кийимдерди алып качкандарга берилет. Оюн эки жактын каалаган убакытка чейин уланат. Жеңиш көп упайга ээ болгон окуучулар тобунуку болот.

Методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, эч кандай тоскоол кылуучу нерселер болбош керек, оюнчулар баш кийимдерин кийип алышат.

Оюндун тарбиялык мааниси. Ылдамдыкка, шамдагайлыкка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]