Баш мүчө

Википедия дан

Баш мүчө - сүйлөмдүн грамматикалык негизин, борборун түзүүчү структуралык-семантикалык компонент (компоненттер).

Баш мүчө сүйлөмдүн формалдык-грамматикалык түзүлүшүн аныктап, эки тутумдуу сүйлөмдө ээ жана баяндоочко, ал эми бир тутумдуу сүйлөмдө бир Баш мүчөгө ажырайт. Ээ менен баяндооч өз ара предикативдик катышта турат. Жалпысынан, ээ ой жүгүртүүнүн субъектиси жана айтылуучу ойдун темасы болот, ал эми баяндооч ой жүгүртүүнүн предикаты жана айтылуучу ойдун ремасы болот да, Баш мүчө сүйлөмдө логикалык функцияны аткарат.

Баш мүчөнүн айланасына сүйлөмдүн калган мүчөлөрү багынуу принциби боюнча топтоштурулат. Баш мүчөлөр ошол багынычтуу топтору (бөлүктөрү) менен бирге сүйлөмдө ээнин зонасын жана баяндоочтун зонасын түзөт. Баш мүчөлөрдүн орун тартиби алардын спецификалык бөтөнчөлүгү болуп саналат: ээ препозицияда, баяндооч постпозицияда турат да, ички катышы, грамматикалык табияты жагынан бири бирин шарттоочу мүнөзгө ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4