Баш үчүн аңчылык кылуу

Википедия дан

Баш үчүн аңчылык кылуу - алгачкы жамааттык коомдо бөлөк уруунун мүчөсүн өлтүрүп, олжо катары башын алып келүү салты. Ал сыйынуу буюму катары каралат. Баш сөөктө, анын жумшак ткандарында катылган маанилүү күч жөнүндөгү анимистик түшүнүктөргө байланыштуу жаралган. Түштүк-Чыгыш Азиянын, Океаниянын жана Түштүк Африканын бир катар райондорунда 20-к. биринчи жарымына чейин сакталып келген. Бул салт байыркы сак (скиф) урууларында болгондугу латын тарыхый булактарында чагылдырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]