Баялиева Сыйнакан Сатыбалды кызы

Википедия дан

Баялиева Сыйнакан Сатыбалды кызы (3. 5. 1938, Тунук кыштагы - 2008, Жайыл району, Сосновка кыштагы) - эл агартуунун отличниги.

  • Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн (1979; сырттан окуган).
  • Эмгек жолун 1955-ж. мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы бут-кийим тигүү фабрикасында жумушчу болуп баштаган.
  • Ош облусундагы Ленин (Ноокен) районундагы Сакалды орто мектебинде пионер вожатый (1962-68), Суусамыр орто мектебинде башталгыч класстын мугалими (1968-77), 1-Май орто мектебинде мугалим болуп иштеген.
  • Ар кандай коомдук иштерге да активдүү катышкан.
  • Өздүк-көркөм чыгармачылыгына катышкандыгы үчүн 1даражадагы диплом менен сыйланган.
  • 1986-ж. Жумгал районундагы «Кызыл-Ой совхозунда уюшулган «Данияр менен Жамийла» комсомолдук-жаштар уюмуна жетекчи болуп шайланат.
  • 1985-ж. «Эл агартуунун отличниги» төш белгисин алган.
  • Кырбаш Уруусунан болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9