Баялиев Барманкул

Википедия дан

Баялиев Барманкул (1932, Суусамыр кыштагы - 1982, ошол эле жер) - жетекчи кызматкер.

  • Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн (1962).
  • Эмгек жолун 1-Май орто мектебинде дене тарбия боюнча мугалим болуп баштаган.
  • 1952-55-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт.
  • 1-Май мектебинде дене тарбия мугалими (1955-57), Ош облусунун Ленин районундагы «Сакалды» орто мектебинде (1962-68), Суусамыр орто мектебинде тарых мугалими, кечки мектептин директору (1968-77) болуп эмгектенген.
  • 1977-жылдан 1982-жылга чейин 1-Май орто мектебинде директор болгон.
  • Ал «Содиалисттик мелдештин жеңүүчүсү» төш белгисинин ээси.
  • Калинин райондук элге билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталарына татыктуу болгон.
  • Токтогон уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9