Баялыш

Wikipedia дан
Баялыш
Salsola oppositifolia.JPG
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Salsola L., 1753

Синонимдер
Wikispecies-logo.svg
Систематика
Уикитүрлөрдө
Commons-logo.svg
Сүрөт
сүрөт издөө
ITIS   20654
NCBI   151233
EOL   38063
GRIN   t:10668
IPNI   6983-1
TPL   ???

Баялыш - (лат. Salsola) өсүмдүктөрдүн шакардуулар тукумундагы уруусу; көп жылдык же бир жылдык чөп, бадалча жана бадал. Жалбырагы калың, ичке. Гүлү жалгыздан, эки жыныстуу же топтошуп жалбырак колтугунан өсөт. Топгүлү - машак сымал же шыпыргы. Мөмө коргонунун сегменттеринен пайда болгон мөмөсүнүн желекчелери бар. Негизинен өзү менен өзү, кээде шамал жана курт-кумурска аркылуу чаңдашат. Евразия, Африкада 200дөй, Кыргызстанда 20га жакын түрү өсөт. Алар кой, эчки жана төөлөргө негизги тоют. Айрымдары дары өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4