Баяндос

Википедия дан

Баяндос — эпосто башы балык, аягы адам түспөлүндөгү элдин аталышы. Көкөтөйдүн ашына чакырылган көп элдин бири катары эскерилет: «Аягы адамдай бөлүнгөн, Башы балык көрүнгөн Баяндос деген бири бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 15). ''Манас'' эпосунун айрым вариантында Б. этноним эмес, адамдын аты катары да айтылат. Анда Б. терс каармандардын бири, качыр минген калмак баатыры болуп берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4