Баян Алагөзова
Баян Алагөзова
Баян Мақсатқызы Алагөзова | |
Негизги маалымат | |
---|---|
Төрөлгөндөгү ысымы |
Маалыматтардын маңызы белгисиз. |
Толук ысымы |
Есентаева (Мухитденова) Баян Максатовна |
Туулган датасы | |
Туулган жери | |
Өлкө | |
Кесиптери | |
Активдүү жылдары |
1993 — азыркы учурда |
Кызматташтык |
КешYOU, Lashyn, Алау, Shine, Жанар Дугалова |
Баян Максат кызы Алагөзова ошондо эле Баян Есентаева деген ат менен да белгилүү. (каз. Баян Мақсатқызы Алагөзова) - 1974 жылы 9 январда Казакстандын Орал шаарында төрөлгөн — Shine Production компаниянын башчысы.Казакстандык продюсер, телеалыпбаруучу , актриса, ырчы.Атак алып келген алгачкы ролун 1993-жылы "Махабат станциясы" тасмасында ойногон. Андан соң журналистика факультетин бүтүрүп, 7 жыл теледе диктор болуп, кийинчерээк өзүнүн автордук берүүлөрүн алып бара баштайт. Ырчы катары "Жас канат", "Азия дауысы" сынактарынын лауреаты болуп калган Баян 2006-жылы продюсерлик менен алектенүүнү туура көрүп, "КешYOU" кыздар тобун ачкан.2010 жылдын башынан тарта бир канча тасмаларда жана телесериалдарда роль ойногон.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Баян Есентаева 1974 жылы 9 январда Казакстандын Орал шаарында төрөлгөн.Кичинесинен эле артист болом деп чоңойгон, бирок анын каалоосуна апасы каршы чыгып, "мугалим болосуң" деп педагогикалык университетке тапшыртып коёт. Мугалимдик кесип боюнча 3 жыл билим алгандан кийин болочоктогу продюсер кино факультетине которулуп кеткенин ата-энеси кеч билишет[1]. Есентаева атак алып келген алгачкы ролун 1993-жылы "Махабат станциясы" тасмасында ойногон. Андан соң журналистика факультетин бүтүрүп, 7 жыл теледе диктор болуп. [2], кийинчерээк өзүнүн автордук берүүлөрүн алып бара баштайт. Ырчы катары "Жас канат", "Азия дауысы" сынактарынын лауреаты болуп калган Баян 2006-жылы продюсерлик менен алектенүүнү туура көрүп, "КешYOU" кыздар тобун ачкан.
2010-жылы "Ашык жүрөк" тасмасы сатыкта ийгиликтүү болуп, "Ашык жүрөк 2" фильмдин экинчи бөлүгү да тартылат. 2014-жылы Баян "Lashyn"деген жаңы топ ачат. Ошол эле жылы "КешYOU" тобунун экс-солисткасы Жанар Дугалова "Түрквизион" сынагында жеңишке жетишет. Кино тармагында да, музыка чөйрөсүндө да бирдей ийгилик жараткан Баян Есентаева "Forbes Kazakhstan" журналынын версиясы боюнча Казакстандын эң таасирдүү 50 айымынын катарына кирген. Мындан сырткары казак басылмалардын берген маалыматына ылайык, продюсер жалпы долбоорлорунан жылына миллион доллардан ашуун киреше тапкан.
2016 жылы, 10 июнда Баян Есентаева Алматы облусунун Талгар шаарындагы ооруканага бычактан жаракат алып жеткирилген.Кылмыш ишине шектелип күйөөсү кармалган. Есентаевдин иши Казакстандын Ички иштер департаментинин жеке көзөмөлүндө экени айтылган[3]
2016 жылы, 13 июнда сот билдирген. Бахыт Есентаев "адам өлтүрүүгө аракет кылды" деп айыпталып.2 айга күчөтүлгөн мөөнөттө, 10 августка чейин Сизого киргизген.[4]
2016 жылы 20 июнда Баян Есентаева ооруканадан үйүнө чыгарылган.Мындан аркы дарыланууну ал амбулатордук шартта өткөрөт.Абалы канааттандырарлык.[5]
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Баян Есентаева 20 жашында Бакытбек Есентаевге турмушка чыгып, анын фамилиясын алган. Ортолорунда 20 жаштагы Калып:Туулган Айсауле жана 12 жаштагы Калып:Туулган Айару деген кыздары бар. Жолдошу тууралуу маалымат аз, болгону Баян никеде бактылуу экенин гана жар салып келген.
Продюсердин бир тууган сиңдиси Багым Мухитденова да эжесинин жолун жолдоп продюсерлик кесиптин ээси.Ал эми белгилүү телеалпаруучу, ырчы Аша Матай Баяндын бир тууган эжесинин кызы.
Тасмаграфиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жылы | Нукура аталышы | Кыргызча аталышы | Каармандык ролу |
---|---|---|---|
1993 | Станция любви | Махабат станциясы | Гүлназ |
2010 | Астана — любовь моя | Астана — махабатым менин | Лаура |
2010 | Коктейль для звезды | Ашык жүрөк | Баян |
2011 | Коктейль для звезды 2 | Ашык жүрөк 2 | Баян |
2014 | Осторожно, корова! | Абайла, уй! | Айгүл |
2014 — 2015 | Махаббатым жүрегімде | Махабаттым жүргөгүмдө | Жанна |
Видеографиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жылы | Аталышы | Режиссёру | Альбому |
---|---|---|---|
2008 | Азбука любви | — | — |
2008 | Shine | — | — |
Телекөрсөтүүсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жылы | Кызматы | Аталышы | Телеканалы |
---|---|---|---|
2008 | Алып баруучу | Жёлтый салон | Тан |
2001 — 2004 |
Алып баруучу | На шпильке | УТК / НТК |
2010 | Алып баруучу | Екі жұлдыз | Казахстан |
2011 | Алып баруучу | Саз әлемі | Ел арна |
2014 | Алып баруучу | Жұлдызды дода | Хабар |
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Баян Есентаеванын ийгиликтеринин тарыхы. Текшерилген күнү 20 -июнь (кулжа) 2016. Түп булактан архивделген күнү 23 -февраль (бирдин айы) 2016.
- ↑ Баян Есентаева: Рожденная летать (орусча). Текшерилген күнү 20 -июнь (кулжа) 2016. Түп булактан архивделген күнү 7 -март (жалган куран) 2016.
- ↑ Казакстандык белгилүү продюсер Баян Есентаева бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилди - SUPER.KG соңку кабар. (кырг.) Super.kg (10 -июнь (кулжа) 2016). Текшерилген күнү 10 -июнь (кулжа) 2016.
- ↑ Бахытбек Есентаев взят под стражу на два месяца - новости на Informburo.kz. (орусча) informburo.kz (13 -июнь (кулжа) 2016). Текшерилген күнү 13 -июнь (кулжа) 2016.
- ↑ Бычактан жаракат алган казакстандык продюсер Баян Есентаева ооруканадан үйүнө чыгарылды - SUPER.KG соңку кабар. (кырг.) Super.kg (20 -июнь (кулжа) 2016). Текшерилген күнү 20 -июнь (кулжа) 2016.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Под прицелом» с Айгуль Мукей (видео). Хабар (18 сентября 2014). Текшерилген күнү 15 -февраль (бирдин айы) 2016.
- Адольф Арцишевский. Баян Есентаева как порождение нашего шоу-бизнеса и как зеркало казахстанского ТВ (16 ноября 2012). Текшерилген күнү 15 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
Lua error in Модуль:External_links at line 856: attempt to concatenate field 'group1' (a nil value).
- Арип боюнча инсандар
- Арип боюнча ырчылар
- Туулгандар 9 -январь (үчтүн айы)
- Туулгандар 1974-жылы
- Арип боюнча актрисалар
- Казакстандын ырчылары
- Продюселер арип боюнча
- Казакстандын продюсерлери
- Казакстандын телеалпаруучулары
- Казакстандын актрисалары
- Инсандар
- Инсандар:Казакстан
- Продюсерлер арип боюнча
- Актрисалар
- Ырчылар
- Туулгандар 9 Январь (Үчтүн айы)