Баяс

Википедия дан

Баяс — жалпы эле кыргыз фольклорунда кездешүүчү мифтик жандык. «Манаста» адаттан тышкаркы укмуштуу жаныбарлар жөнүндө сөз болгондо, мисалы, Алоокенин ажайыпканасы сүрөттөлгөндө: «Кызыл аюу саяс бар, Кылыч куйрук баяс бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 183) делип Б-тын аты эскерилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Б-тын фантастикалык толук кебете-кешпири «Дөө-пери жомогунда» кеңири берилет. Б. токойду аралап өткөндө куйругу менен чапкан куу жыгачтар өрттөнүп, карагайлар каршы-терши кулайт, «кырк жолборс бир келсе да» «таш-талкан кылып, чайнап жутуп салат». Ал «он эки асый өгүздөй, соорусу, көкүрөгү даңкайган», «башы он беш карыш казандай», «арсайган азуулары канжардай», «болот тырмагынын учунда заары бар» жандык болот. Б. жолборстун чоңу тайбасты жарадар кылып кууп келе жатканда ууга чыккан мергендер атып өлтүрөт. Мындай фантастикалык жаныбарлар элдик оозеки чыгармаларда гана эмес, евразия талааларында скиф доорунан бери карай «айбанат стили» деген жалпы ат менен археологиялык табылгалары жолуккан искусство чыгармаларында кеңири белгилүү. Б. сыяктуу жаныбарлардын образы кээ бир изилдөөчүлөр болжошкондой эпоско кийинки айтуучулардын фантазиясынан жаралып киргизилбестен, ошол байыркы элдердин чыгармачылыгынан келе жатышы ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4