Баят

Википедия дан

Баят - тейит уруусунун курамындагы ири урук. Бул этностук аталыш байыркы түрк доорунан маалым. Энциклопедист-аалым Махмуд Кашгари огуз уруулук бирикмесине кирген баяттар жана анын эн тамгасы жөнүндө маалымат берген. Рашид ад-Дин баяттарды орто кылымдардагы огуз-түркмөн урууларынын оң кана- тына кирген өз алдынча уруу экендигин билдирген. Болжолу, 12- 13-кк. бул этностук компоненттер бир эле учурда монгол жана түрк тилдүү уруулардын курамдарында болуу керек. Айрым изилдөөчүлөр байыртадан эле белгилүү болгон «баяттарды» печенег-огуздардын курамындагы ушул эле ат менен маалым болгон уруу менен этностук жалпылыкта караган пикирлерин айтышат. Этностук аталыштын параллелдери казак, өзбек, сары уйгур (югур) жана түркмөндөрдүн уруулук курамдарында бар. Учурда Монголиянын Убсунур аймагында өздөрүн «баят» деп аташкан, монголдордон айрым бир өзгөчөлүктөрү бар уруу жашайт. Арийне, аталган этностук топ монголдошкон түрк тилдүү уруулардын бири болушу да ыктымал. «Баят» сөзүн Махмуд Кашгари аргу (оргу) тилинде «Кудай», «Алла-Таала» маанисинде чечмелейт. Рашид ад-Дин «бактылуу», «телегейи тегиз», ал эми Абул Гази «бактылуу», «бай» деген формада аныктама беришет. Бирок соңку мезгилдеги изилдөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү baiat< baian, монголчо «бай», «байлык» (бая » бай + т; — т мүчөсү бурят-монгол тилдеринде көптүк маанини билдирет), маанисин аныктаарына токтолушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]