Баячорова, Батыйгyл Жумадыловна

Википедия дан

Баячорова Батыйгyл Жумадыловна (1949), физика-математика илимдеринин кандидаты (1985), профессор (2003). Кыргыз. Тюп районундагы Токтогул айылында туулган. Ленинград университетин колдонмо математика кесиби боюнча аяктаган. Казан университетинин аспирантурасын бүтүргөн. КУУда окутуучу, доцент, ал эми 2000-жылдан бери информатика жана компьютердик техноложиси кафедра башчысы болуп эмгектенет. Эл аралык педагогика жана социалдык илимдер академиясынын корр.-мүчөсү. Информатика жана эсептөөчү математика багыты боюнча кесип ээси. 50 дөн ашуун илимий эмгектердин автору.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]