Баңбаң

Википедия дан

Баңбаң"Манас" эпосу боюнча кытай аскер кызматчысынын наамы. «Манаста» эпикалык душман элинин согуштук-административдик башкаруу системасынын бир катар мансаптык титулдары боюнча жалпылаштырылып түзүлгөн образдардын системасында Б-дын да элеси чагылдырылган. «Чоң казатта» Манастан жарадар болуп дарыланып айыккан Коңурбай кыргыздардын колунун чабуулуна каршы чара колдонуу жөнүндө өзүнүн чөйрөсүндөгү адамдар менен кеңеш кылат: «Баңбаң менен чыйтайым, Бадышалык тыйтайым» (Сагымбай Орозбаков , 4. 344).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4