Бебезов Бахадыр Хакимович

Википедия дан

Бебезов Бахадыр Хакимович - (18. 12. 1968-ж. туулган, Казак ССРи, Жамбыл облусу, Жамбыл району, Жалпак-Төбө айылы) медицина доктору (2002), профессор (2007). КММИни бүтүргөн (1994). Ошол эле жерде ординатураны (1996), Москва шаарында аспирантураны (1999) жана докторантураны (2002) бүтүргөн. КРСУда доцент (2002-03), 2003-жылдан госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору КРдин саламаттык сактоосунун отличниги (2004). Хирургия боюнча адис. Европа онкологдор мектебинин, КМШ өлкөлөрүяүн Эл аралык хирурггепатологдор ассоциациясынын мүчөсү. 48 илимий эмгектин, анын ичинде 1 монографиянын, 10 илимий-методикалык куралдын, 3 ойлоп табуунун автору. КММИни бүтүргөн (1965). РКОдо бөлүмбашчы. КММИде ассистент, доцент, 1996-жылдын УММАда, 2003-жылдан КРСУда кафедра башчысы. КРдин эмгек сиңирген врачы. И. К. Ахунбаев атнындагы сыйлыктын лауреаты. Данакер ордени,«Даңк» медалы менен сыйланган. 298 илимий эмгеги, анын ичинде 8 монографиясы бар. Эмгектери: Диагностика и лечение рака лёгкого (в соавторстве). Ф., 1990; Избранные вопросы гнойной хирургии (в соавторстве). Б., 1999; Узловые образования щитовидной железы (в соавторстве). Б., 2000; Острый паропроктит (в соавторстве). Б., 2000.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4