Бегалиева Өмүрбүбү

Википедия дан

Бегалиева Өмүрбүбү – акын. Талас облусунун Кара-Буура районунун Киров айылында 1962-жылы 6-мартта туулган. 1979-жылы Киров орто мектебин, 1984-жылы Ташкендеги фармацевттик институтун артыкчылык диплому менен аяктаган. 1986-жылы Киевден фармацевтик аналитикалык кызматы боюнча такшалмадан өтүп, 1991-жылы Харьков шаарынан адистигин өркүндөткөн.

1984-жылы Киров районунун Борбордук райондук ооруканасына караштуу №341 дарыкананын башчысы, 1985-жылы Фрунзедеги №240 дарыканада провизор-аналитик, 1986–1988-жж. Талас облусунун облустук дарыкана башкармалыгынын начальнигинин орун басары-инспектор, 1988–1989-жж. Талас облустук дарыкана башкармалыгынын контролдук-аналитикалык лабораториясынын башчысы, 1989–1997-жж. №88, “Бейиш” дарыканаларынын башчысы, улук провизор, 1997–2001-жж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Саламаттык сактоо реформасын координациялоо жана ишке киргизүү башкы башкармалыгынын техникалык координациялык комитетинин “Дарылоо каражаттары башкармалыгынын” компонентинин мониторинги боюнча кеңешчи болуп иштеген.

1999-жылы Кыргыз телерадиокорпорациясынын “Здоровая нация” улуттук программасы боюнча алып баруучусу болуп иштөө менен Кыргызстанда дары-дармек каражаттарына НДСти алып салуу маселесин көтөргөн. 1999-жылдан тартып “Силани” ЖЧК директору, 2006-жылдан “Нусуп аталык” Келечегин өнүктүрүү коомдук фондунун” төрайымы болуп иштөө менен жеке ишкерлигин улантып келе жатат.

2007-жылдан Кыргыз телерадиокорпорациясында “Адамзаттын өнүгүүсүнүн негизги мыйзамы” китебинин мазмуну негизи болуп саналган “Башкаруу философиясы” радиопрограммасынын алып баруучусу болгон.

1997-жылы ал жөнүндө “Аалам жаңырыгы” аттуу документалдуу телефильм тартылып, Кыргыз телерадиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.

1999-жылдан Кыргызстандын провизорлор жана фармацевтер бирикмесинин мүчөсү, “Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери”.

2004-жылы Кыргызстандын белгилүү адамдарынын маалыматтары камтылган “Элита Кыргызстана” биографиялык жыйнагына анын өмүр баяны киргизилген.

2005-жылы Кара-Буура округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер болгон.

2006-жылы "Нүсүп Аталык" коомдук фондунун төрайымы.


1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2015-жылы "Кыргыздын кыраан кыздары" жыйнагына киргизилген. Туз. "Кыргыз Туусу", Ш. Калыков. Б -2015. 205 бет.

2016-жылы Кыргыз акын-жазуучулары - балдарга. Хрестоматиясына ырлары киргизилген. С. Рысбаев, Б. Абдухамидова, Б. Асаналиев, Ч. Бекбаева, А. Мукамбетова, Б-2016. Бийиктик плюс.

2016-жылы "Кыргыздын кыраан кыздары" жыйнагына киргизилген. Туз. "Кыргыз Туусу", Ш. Калыков. Б -2016.

2018-жылы "Saırlerden bır demet ' Sıır Seckını'" Антологиясына киргизилген. Halıse Tekbas. Turkıe - Адана *

2019-жылы Казакстан "Аалам калктары Жазуучулар Одагынын" Кыргыз Республикасындагы башкы өкүлү.

2020-жылдан тартып Кыргызстан "Жазуучулардын жана чыгармачыл Ишмерлердин Эл Аралык Бирлигинин" Президенти .


2021-жылы "Saırlerden bır demet ' Sıır Seckını" антологиясына ырлары киргизилген. Halıse Tekbas. Turkıe * 2021. 319 sayfa.


2022-жылы "Gardas Kırgız sıırı Antolojısı" ырлары, автобиографиясы киргизилген. Edıtorlor: Orhan Soylemes - Mustafa Saıd Arslan Döne Arslan - Sultan Raev. TurkSoy-2022. Ankara.

Кыргыз Республикасынын жараны. Кыргызстандын борбору - Бишкек жана Туркиянын Стамбул шаарларында жашайт. 2 уулдун энеси.



Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Аян – Б.: Эркин-Тоо өндүрүштүк китеп басмаканасы, 1995. – 105 б.

2. Тенир, Аалам жана Мен – Б.: “Акыл” Мамконцерни, 1996. – 269 б.

3. Мухаммед пайгамбар баяны – Б.: Шам, 1998 – 125 б.

4. Ааламдан келген каттар. – Б.: Айат, 2004 – 150 б.

5. Карегим – калкым: Ырлар. – Б.: Учкун, 2005 – 127 б.

6. Бал Китеп (1-том) – Б.: Салам, 2006. – 347 бет.

7. Бал Китеп (2 том) - Бишкек, 2011 - 347 бет

8. Бал Китеп (3 том) - Бишкек, 2023 - 350 бет

9. " Жусуп (Нүсүп) Миңбашы" поэтикалык тарыхый роман-дастан - Бишкек, 2023 - 150 бет

10. Манастын Созу - 2024



Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

11. Отток крови законов и закономерностей земного шара из Вселенной. – Б.: Кыргызполиграфкомбинат – 1998 – 125 с.

12. "Основные Законы Развития человечества" том 1. – Б.: Бийиктик, 2003 – 262 бет.

13. "Основные Законы Развития человечества" том 2. – Б.: Бийиктик, 2005 – 303 бет.

14. Госпожа Кыргызская Революция – Б.: Учкун, 2005 – 120 с.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6
  • Элита Кыргызстана. Биографический сборник об известных людях кыргызской Республики, внесших большой вклад в становления Кыргызского государства. Б - 2004. -380 стр. Агентство журналистских расследований. ISBN 9967-22-243-3
  • Кыргыздын кыраан кыздары. Туз. "Кыргыз Туусу", Ш. Калыков. Б -2016. 208 бет. ISBN 978-9967--28-183-7
  • Кыргыздын кыраан кыздары. Туз. "Кыргыз Туусу", Ш. Калыков. Б -2015. 205 бет. ISBN 978-9967--28-183-7
  • Saırlerden bır demet ' Sıır Seckını'. Антология. Halıse Tekbas. Turkıe * 2018. 450 sayfa. ISBN 978 - 605 - 61094 - 5 - 4
  • Saırlerden bır demet ' Sıır Seckını'. Halıse Tekbas. Turkıe * 2021. 319 sayfa. ISBN 978-605-61094-6-1
  • Кыргыз акын-жазуучулары - балдарга. Хрестоматия. С. Рысбаев, Б. Абдухамидова, Б. Асаналиев, Ч. Бекбаева, А. Мукамбетова, Б-2016. Бийиктик плюс. ISBN 978-9967-33-161-7
  • Gardas Kırgız sıırı Antolojısı. Edıtorlor: Orhan Soylemes - Mustafa Saıd Arslan Döne Arslan - Sultan Raev. TurkSoy-2022. Ankara.