Бегалиев Темиралы

Википедия дан

Бегалиев Темиралы (1912 – 1998) - акын, дастанчы. Тоң районунун Күн-Чыгыш (азыркы Бөкөнбаев) айылында 1912-жылдын аягында туулган. Беш жашында томолой жетим калып, агасы, кыргыздын белгилүү акындарынын бири Шамей Токтобай уулунун колунда чоңойгон.

1929–1931-жж. Бишкектеги жумушчулар факультетинен окуган соң, айылына кайтып келип комсомолдук, чарбалык кызматтарда иштеген.

1937-жылдан республикабыздын Тоң, Кара-Кулжа, Өзгөн, Лейлек райондорунда эл агартуу тармагында эмгектенген. “Советтик Кыргызстан” гезитинин штаттан тышкары кабарчысы болгон.

Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда 1943-жылдын июнь айынан 1945-жылдын декабрь айына чейин 1-аба армиясында аэродромдук ротада аткыч болгон.

“Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы” ордени, “1941–1945-жж. Улуу Ата мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн”, “Кенисбергди алгандыгы үчүн” “Жеңиштин 20, 25, 40, 50 жылдык” юбилейлик медалдарынын ээси.

“Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”, В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Күжүрмөн эмгеги үчүн» юбилейлик, “Эмгек ардагери” медалдары менен сыйланган.

Анын ырлары республикалык, облустук гезиттерге жарыяланган. Ал жазган көптөгөн ырлар, дастандар, санжыралар кол жазма түрүндө өздүк архивинде сакталып калган.

1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Залкар менен Жаркын: Дастан. – Б.: Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун көркөм адабияттарды жайылтуу бюросу, 1993. – 64 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]