Бегония

Википедия дан
Begonia cubensis.

Бегония - (лат. Веgonia, L.) бегониялар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Жоон тамырлуу, көп жылдык чөп өсүмдүгү, кээси бадал же лиана сымал. Сабагы түз, төшөлүп же жармашып өсөт. Жалбырагы жөнөкөй, кезектешип жайгашкан. Айрым түрүнүн жалбырагы темгилдүү. Гүлү бир жыныстуу, мөмөсү кутуча, уругу абдан майда. 900дөй түрү белгилүү. Көбүнчө тропик жана субтропикте (Австралиядан башка) өсөт. КМШ өлкөлөрүндө гүлү жана жалбырагы кооз түрлөрү рекс, чаар бегониялар ж. б. оранжереяда, үйдө, гүлзарларда, Кыргызстанда Креднер, Марта, Бисмарк сорттору өстүрүлөт. Сабак, жалбырак калемчелери жана уругунан көбөйтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4