Беда Леонид Игнатьевич

Википедия дан

Беда Леонид Игнатьевич (16. 8. 1920-ж. т., Кустанай обл., Н. Покровка с. ) - эки жолу Советтик Союздун Баатыры (26. 10. 1944 жана 29. 6. 1945), авиациянын ген. -майору (1960).

1942-жыл-дан КПССтин мүчөсү. 1940-жылдан Советтик Армияда. Чкаловдогу аскердик авиац. мектепти (1942) бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушта учкуч, согуштун акырында 75-гвард. штурмалоочу авиаполктун командиринин жардамчысы. Беда 200 жолу учуп, душман менен салгылашкан.

Согуштан кийин Жогорку офицердик учуу-тактикалык мектепти (1945), Аскердик-аба академиясын (1950) жана Ген штабдын Аскердик академиясын (1957) бүтүргөн. 4 Ленин ордени, 4 Кызыл Туу, 1-дараж. Ата Мекендик. Согуш, Александр Невский жана Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.