Беде

Википедия дан
Medicago littoralis.

Беде - (лат. Меdicago, L.) чанактуулар тукумундагы көп же бир жылдык чөп өсүмдүк. 100дөн ашык түрү белгилүү. Айыл чарбасы үчүн көк, сары, көгүлтүр, гибрид беделердин мааниси чоң. Ал көп сабактуу, бийиктиги 70-90 см, айрымдары 150 см ден ашык. Жалбырагы сүйрү, үч ача, кезектешип жайгашат. Гүлү көгүш, кочкулкөк, сары. Мөмөсү көп уруктуу чанак. Себилген урук 8-10°С жылуулукта 7-8 күндөн кийин өнүп чыгат. Тамыры өзөктөп тамырлап, 5-10 м ден терең кетет. Орто Азияда жана Кавказда ар түрдүү айдама жана жапайы беде көп кезигет. Миң жыл мурдатан эле эгилип, малга тоют катары колдонулган. Беде топурак катмарын органикалык заттар, азот ж. б. элементтер менен байытып, топурактын структурасын жакшыртат, пахтанын вилт илдетин козгогучтардан арылтат, топурактын шорлуулугун азайтат. Баалуу биологиялык касиетине, чарбалык маанисине жараша бардык жерде кеңири таралган. Тоют үчүн жазында арпа менен кошо себилип, фосфор, калий семирткичтери менен азыктандырылат. 3-5 жолу чабылып, жашыл чыктуу жана кесек тоют катары пайдаланылат. Ал 2-3, ал эми которуштуруп айдаганда 5 жылга чейин өстүрүлөт. Беде уругун алууга Кант машина сыноо станциясы, Кыргыз кант кызылчасы боюнча тажрыйба чарбасы ж. б. көптөгөн дыйкан чарбалары адистештирилген. Чүйдө жергиликтүү Береке, Манас, «Токмок», Ошто жергиликтүү Өзгөн, көк беде сорттору райондоштурулган. Зыянкечтери: беде кенеси, беде шиштумшугу ж. б. Илдеттери: чаңгыл кебер, аскохитоз ж. б. Аларга каршы күрөш чарасы: фунгицид чачуу, агротехниканы туура жүргүзүү. Бедеге сары чырмоок чоң зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4