Бежев мрамор кени

Википедия дан

Бежев мрамор кени Талас облусунун Кара-Буура районунда, Бакыян кыштагынан 6 км аралыкта, Кыргыз Ала-Тоосунун батыш четинде. 1938-ж. табылган. Аймагын палеозой заманындагы чөкмө жана аларды жиреп чыккан интрузия тектери түзөт. Чөкмө тектер арасындагы бири-биринен 1 км аралыктагы орточо кристаллданган, көгүш жана саргыч түстөгү мрамор катмарларынан турган эки участкага бөлүнөт. Калыңдыгы ар түрдүү. Көгүшүнүн катуулугу 90–100 МПа. 1 м3 көлөмдөгү мрамордон 18%ке чейин такта алууга болот. Запасы 1 млн м3. Саргычынын катуулугу 70–80 МПа. Блокко жакшы ажырайт. 1 м3 көлөмдөгү мрамордон 15%ке чейин такта алынат. Запасы 0,8 млн м3. Мрамор менен дубалдарды каптоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]