Безе теоремасы

Википедия дан

Безе теоремасы — көп мүчөнү сызыктуу эки мүчөгө бөлүү жөнүндөгү теорема. f(x)=a0xn + a^x"-1 + a 1x" + a 1х“-1көп мүчөсүн x-a эки мүчөсүнө бөлгөндө f(a) калдык калат. Көп мүчөлөрдүн коэффициенттерин 1 саны бар кандайдыр коммутативдик алкактын элементтери деп эсептесе болот, мисалы, чыныгы же комплекстүү сандар талаасы. Бул теореманын натыйжасы: a саны f(x) көп мүчөсүнүн тамыры болушу үчүн f(x) көп мүчөсү x-a биномуна калдыксыз бөлүнүшү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4