Безоарлар

Википедия дан
Безоарлар.
Безоарлар.

Безоарлар - (персче бадзар жайташ) жылкы, чочко, ит жана кепшөөчү жаныбарлардын ичеги-карынында кыл, жүн, жем-чөптүн тоголоктошуп, катып калышынан пайда болуучу ылаң. Каткан чогундунун салмагы кээде 2 кг га жетет. Мындан ичеги бүтөлүп калса, мал өлөт. Ал узак убакыт кесек тоют берүүдөн, сапатсыз жемчөптөн, ачка болуп, жүн жегенден пайда болот. Мындай учурда малдын тынчы кетип, температурасы көтөрүлөт, жүрөгү тез кагып, энтигет. Жемчөптү начар жейт. Алдыналуу үчүн тоюттандырууну жакшыртуу, операция жасоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4