Без ткандары

Википедия дан

Без ткандары - өсүмдүктө түрдүү суюк секреттерди (заттарды) бөлүп чыгаруучу бир же көп клеткалардан турган түзүлүштөр. Алар өсүмдүктөрдүн бардык органдарында болот да, секретти органдын ичине же сыртына бөлүп чыгарат. Ички секреция без тканына идиобласттар (без клеткалары), сүт түтүкчөлөрү, беттери без клеткаларынан турган чайыр, эфир май түтүкчөлөрү кирет. Алар туюк болгондуктан, бөлүп чыгарган заттары да топтолот. Механикалык таасирлерден бузулганда гана алардагы зат сыртка чыгат, мисалы, тилинген жеринен апийим сүтүнүн, каучуктун сыртка чыгышы. Сырткы без тканына нектарниктер, гидатоддор, тамак сиңирүү бездери, эфир майларын, чайыр, былжыр бөлүп чыгаруучу эпидермистер кирет. Сырткы без тканынын бир түрү без түктөрү. Тамак сиңирүү бездери курт-кумурска менен азыктануучу өсүмдүктөрдө болот. Бул бездер азык сиңирүү ширесин бөлүп чыгарат. Без ткандары бөлүп чыгарган заттар апийим, бальзам, каучук ж. б. турмушта кеңири керектелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4