Бейт

Википедия дан

Бейт— (араб. үй деген сөздөн) — туташ уйкаштуу эки саптан турган ыр түрмөгү. Ал Чыгыш элдеринин поэзиясына мүнөздүү болгон. Низами, Ноавилердин поэмалары ушул бейт формасында жазылган. Газал (к.)'касыйдалар (к.) туташ уйкаштуу эки саптан туруп, алар жалпысынан бейт деп аталган. Кыргыз оозеки жана жазма адабиятында бейт арбын кездешет. А. Осмонов элдик дастандардын негизинде «Мырза уул», «Карагул ботом» поэмаларын бейт формасында жазган.

Мисалы:

Бириң — чынар, бириң — бак,

Бириң — булбул, бириң — шак,

(Барпы).

Сулуу десен, кара көз кыздар бизде,

Туйгун десең, ылаачын, шумкар бизде. (А. Токтомушев)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]