Бейшеналиева Динара

Википедия дан

Бейшеналиева Динара – акын. Талас районунун Арал айылында 1967-жылы 19-июлда туулган.

1985-жылы орто мектепти, 1988-жылы Талас шаарындагы медициналык окуу жайын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1985-жылы Бишкек шаарындагы республикалык оорукананын неврология бөлүмүндө медайым болуп иштөө менен баштаган. 1996–2003-жж. “Асаба”, “Ордо” гезиттеринде кабарчы болуп иштеген.

Алгачкы ырлары 1985-жылы Талас райондук “Эмгек жарчысы” гезитине жарыяланып, кийин чыгармалары облустук “Талас турмушу”, республикалык “Ленинчил жаш”, ”Кыргызстан маданияты”, “Асаба”, ”Агым” гезиттеринде, “Учкун” альманахында жарыялана баштаган.

1992-жылы алгачкы ”Кызыл алма” аттуу китеби жарык көргөн.

Ага “Кыргыз руху” гезити ”2009-жылдын эң мыкты акыны” деген сыйлык ыйгарган.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл алма: Ырлар. - Б.: Кыргызстан, 1992. - 151 б.

Турна бийи: Ырлар. - Б.: Бийиктик, 2009. -237 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]