Бейшенбаев Султаннасир

Википедия дан

Бейшенбаев Султаннасир (1925-ж. туулган, Жоо-Жүрөк жайлоосу) - санжырачы, мал доктур.

  • Кыргызстан айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүтүргөн (1960).
  • Эмгек жолун 1943-ж. Көкөмерен айыл кеңешинде китепкана башчысы болуп баштаган.
  • Кийинчерээк ошол эле жерде катчы болуп дайындалып, Каба уулу Кожомкулдун төрагалыгы астында алты жыл бирге кызмат өтөгөн.
  • Институтту бүтүргөндөн кийин Суусамырда Аламүдүн району боюнча ветеринария бөлүмүнүн (участканын) башчысы (1960), Суусамыр машина мал чарба станциясынын жана Жумгал районунун «Чаек» колхозунда башкы мал доктур, Жумгал райондук ветеринария станциясында врач эпизотолог, Суусамырда «Кызыл-Ой» совхозунда башкы мал доктур болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккандан санжыра жана күндөлүк жазуу менен алектенет.
  • Учурда Суусамырда жашайт.
  • Суусамыр элинин санжырасы анын айтуусу боюнча жазылды.
  • Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9