Бейше Жапаров

Википедия дан

Бейше Жапаров 1929-жылы 11- майда Жети-Өгүз районундагы Чырак айлында туулган.

1947-жылы Пржевальск шаарындагы Киров атындагы орто мектепти аяктап, 1949-жылы ошол эле шаардагы мугалимдер институтун ийгиликтүү бүтүргөн.

1949-1952- жылдары Ош областынын Совет районундагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчыысы жана директору болуп иштеп, эмгек жолун баштаган.

1952-1955 жылдары Совет райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип, 1955-1957 - жылдары Совет райондук Кенешинин аткаруу комитетинин председателинин орун басары, 1957-1962- жылдары анын председатели болуп шайланган.

1963-жылдын январь айынан 1968-жылдын март айыа чейин Өзгөн райисполкомунун атауу комитетинин председатели, 1968-1975-жылдары партиянын Өзгөн райондук комитетинин 1-Секретары болуп иштеген.

1975-жылдын апрелинен 1990-жылдын апрель айына чейин партиянын Тоң райондук комитетинин 1-Секретары болуп үзгүлтүксүз 15 жыл иштеп, аталган аймактын чарбалык жана социалдык абалын көтөргөн.

1990-жылдын апрель айында, 62 жаш курагында Союздук маанидеги пенсияга чыккан. Пенсияга чыккандан кийин 1990-1991 жылдары партиянын Ысык-Көл обкомунун саясий агартуу үйүнүн консультанты болуп эмгектенген.

1991-1995 жылдары Улуу Ата Мекендик согушта (1941-1945 жылдары) курман болгон Ысык-Көлдүк жердештердин "Эскерүү" китебин чыгаруу боюнча областтык редактору болуп, аталган тарыхый китептин жарыкка чыгышына көмөктөшөт.

1996 - жылдан өмүрүнүн акырына чейин (2002-жыл август айы) областтык ардагерлер Кенешинин Президиумунун Председатели болуп эмгектенген.

Жапаров Бейше Жапарович 1963-жылы Жогорку Партиялык мектепти сырттан окуп бүтүргөн.

Өзүнүн эмгек жолунда 1953-жылдан 1990-жылга чейин 37 жыл катары менен жергиликтүү Кенештерге: Совет, Өзгөн, Тоң райондук, 4 сапар Ош жана Ысык-Көл областтык кенештерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 7-8-9-10 жана 12 чакырылыштарына 5 жолу депутат болуп шайланган.

Кыргызстан Компартиясынын 13-18 Съездерине катары менен делегат, 3 жолу анын текшерүү комиссиянын мүчөсү болгон.

1953-1990-жылдары Совет, Өзгөн, Тоң райкомдорунун, Ош жана Ысык-Көл обкомдорунун мүчөсү болуп шайланган.

1988-жылы КПССтин 19-Конференциясынын жана ошол эле жылы Колхозчулардын Москвада өткөн Бүткүл Союздук 4-Съездинин делегаты болгон.

1975-жылы КПССтин Делагациясынын составында Лаос, Вьетнам өлкөлөрүндө, 1973-жылы Египетте, 1981-жылы республиканын туристтерин жетектеп Японияда, Филиппинде, Сингапурда жа Вьетнамда, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттар тобу менен Туркияда болгон.

Өлкөгө сиңирген эмгеги үчүн Союз убагында 2 "Эмгек Кызыл Туу", 2 "Ардак Белгиси" ордендери, 3 медаль, 3 жолу Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен, ал эми 1997-жылы Кыргыз Республикасынын "Даңк" медалы менен сыйланган.