Бекбоева

Википедия дан

Бекбоева Алый (1886-ж., Нарын өрөөнү – ө. ж. белгисиз) – кыргыз саймачысы. Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1969). 1955-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Б-нын оймо-чиймеге болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталган. 1934-жылдан сайма саюу, оймо оюунун артынан түшүп, туш кийиз, аяк кап, тегирич, шырдак жана башка кол өнөр буюмдарын жасоочу уз катары элге таанылат. 1920–72-ж. 30дан ашуун туш кийиз, 25тей аяк кап, 30 шырдак, ондогон боз үйгө боочуу жасаган. Б. – улуттук оймо-чийме жана кеште салуунун мыкты чебери. 1958-ж. кыргыз адабият жана искусствосунун Москвадагы он күндүгүнө катышкан. Анын эң жакшы чыгармалары Ленинграддагы этнография музейине, Москвадагы Чыгыш элдеринин искусство музейине жана Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине коюлган. Б. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]