Бекбоев Мэлс Сагыналиевич

Википедия дан

Бекбоев Мэлс Сагыналиевич (20.11.1952-ж. т., Бишкек) генерал-майор (2004). Алматы командалык жогорку аскер окуу жайын (1974), М. В. Фрунзе атн. аскердик академияны (1997), РФтин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскердик академиясын (2004) бүткөн. Взводдун командиринен ротанын командирине чейинки командалык кызматтарда, 1998-2002-ж. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик даярдоо башкармасынын начальниги, 2004жылдан КРдин коргоо министринин биринчи орунбасары Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги. Кызыл Жылдыз, 3даражадагы «СССР Куралдуу Күчтөрүндө Ата Мекенине кызмат кылгандыгы үчүн», 2-, 3-даражадагы Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4