Бекболотов Тургунбек

Википедия дан

Бекболотов Тургунбек – жазуучу. Киров районунун Ак-Жар айылында 1948-жылы 12-декабрда туулган. Кыргыз Мамлекеттик Университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Ак-Жар орто мектебинде мугалим болуудан баштап кийин, райондук гезитте кабарчы, башкы редактордун орун басары, Коммунисттик партиянын Киров райондук комитетинде инструктор, Киров атындагы колхоздо парткомдун катчысы болуп иштеген.

2006-жылы Эл аралык Б.Сарногоев атындагы сыйлыктын ээси, 2006-жылы “Талас өрөөнүнүн чыгаан атуулу” наамын алган.

1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көз караш: – Б.: «Акыл» концерни, 1997. – 78 б.

Чарчанган кылым. – Б.: Шам, 1999. – 78 б.

Муздак тамгалар. I китеп. - Б.: Басма тамга, 2003. – 166 б.

II китеп. - Б.: Басма тамга, 2006. – 223 б.

Кечиккен ырлар. – Б.: Бийиктик, 2007. – 366 б.

Махабат бүтпөс дастаным. – Б.: Бийиктик, 2008. – 120 б.

Бурганак. – Б.: Бийиктик, 2009. – 131 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]