Бекиев Курманбек

Википедия дан

Бекиев Курманбек (1946–2003) - 1946-жылдын 10-ноябрында Кара-Кулжа районундагы Тоготой айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин, Фрунзе шаарындагы Самарканд кооперативдик институтунун филиалында окуп, турмуш шартка байланыштуу бүтпөй калган.

1974–1980-жж. Ош шаарындагы текстиль комбинатынын автогаражында май куюучу, автогараждын башчысы болуп эмгектенген.

1982-жылдан “Кара-Кулжа” совхозунун № 1 бөлүмүндө эсепчи, бригадир болуп иштеп жүрүп, 1988–1992-жж. Оштогу айыл чарба техникумун сырттан окуп бүтүргөн. “Кашка-Жол” айыл өкмөтүндө катчы, салык жыйноочу болуп иштеп, ден соолугуна байланыштуу эс алууга чыккан жана 50 жашынан баштап ыр жаза баштаган. Анын ыр жазып калуусуна бир тууган тагасы, акын Курбанбай Калдыбаевдин таасири болгон.

1999-жылы алгачкы “Тоготой кайрыктары” деген ыр жыйнагын окурмандарга тартуулаган.

Акын узакка созулган оорудан кийин 2003-жылдын 6-октябрында каза болгон.

2005-жылы иниси Жеңишбай Бекиевдин демөөрчүлүгү менен К.Бекиевдин “Жан дүйнө” деген ырлар жыйнагы жарыкка чыккан.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тоготой кайрыктары. – Б., 1999. – 102 б.

Жан дүйнө. – Б., 2005. – 127 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]