Беккулиев Ибираим

Википедия дан

Беккулиев Ибираим (12.4.1930, Айгыр-Жал айылы - 9.10.2003, ошол эле жер) - айыл чарба өндүрүшүнүн көрүнүктүү ишмери, агроном.

Кант шаарындагы айыл чарба техникумун (1955), Скрябин атындагы айыл чарба институтун (1965) бүткөн.

  • 1948-жылы Айгыр-Жал айылындагы Ленин атындагы колхоздо эсепчи,
  • 1949-52-жылдары аталган колхоздун башкармасынын орун басары,
  • 1955-59-жылдары Ала-Бука районундагы Падек айылында агроном,
  • 1959-60-жылдары “Чаткал” совхозунун №3 фермасында учетчик-заправшик, гидротехник,
  • 1960-70-жылдары “Чаткал” совхозунда башкы агроном,
  • 1970-72-жылдары №2 бөлүмдө башкаруучу,
  • 1972-73-жылдары агроном-гидротехник,
  • 1974-87-жылдары “Каныш-Кыя” совхозунда башкы агроном,
  • 1987-92-жылдары райондук “Айылчарбахимия” башкармалыгында агроном болуп иштеген.
  • “Ардак белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6