Беккулиев Мөөлөнкул

Википедия дан

Беккулиев Мөөлөнкул (15.5.1939, Айгыр-Жал айылы - 16.10.2005, Кызыл-Токой айылы) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери, билим берүүнүн отличниги. Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн (1963).

1963-65-жылдары Аксы районунун Таш-Төбө орто мектебинде мугалим, 1965-2002-жылдары Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы Агартуу орто мектебинде (азыркы Б.Камчыбеков орто мектеби) директор болуп иштеген. Билим берүү министрлигинин “Ардак грамотасы” (1997) менен сыйланган. Эл арасында «Кызыл-Токойдун Макаренкосу» аталган мугалим.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6