Беккулуев Бакай

Википедия дан

Беккулуев Бакай (1930, Кызыл-Ой кыштагы - 1995, Жумгал району, Чаек кыштагы)алгачкы агартуучу.

  • Бишкектеги педагогикалык институттун филология факультетин (1952) жана Алматы шаарындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн (1969).
  • 1952-59-жылдары Нарын шаарындагы мугалимдер институтунда окутуучу, Тогуз-Торо районунда да эмгектенген.
  • 1960-74-жылдары Жумгал районундагы «Кызыл-Жылдыз» орто мектебинин директору, райондук «Демилге» гезитинин редакторунун орун басары, Жумгал райондук партия комитетинде инструктор болуп иштеген.
  • 1974-77-жылдары Жумгал районунун Түгөл-Сай бириккен 3 колхоздун башкармасы, 1978-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Жумгал райондук эл агартуу бөлүмүнүн профсоюз комитетинин төрагасы болуп кызмат өтөгөн.
  • Райондук, областтык кеңештердин бир нече чакырылыштарына депутат болуп шайланган.
  • Медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • Жаманбай уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9