Бекмурат Кумар уулу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Бекмурат Кумар уулу (1793 - 1873) - манасчы.

Аты аңаза, даңкы даңаза болгон аттуу манасчылардын бири Бекмурат Кумар уулунун туулган жылы тууралуу так маалыматтар жок. Бирок айрым бир материалдарга таянганда Балык манасчы болжол менен 1793-жылы туулуп, 80 жаш курагында Чүйдөгү Арчалуу деген жерде дүйнөдөн кайтат. Сөөгү Байтиктин Бас-Бөлтөгүнө коюлат.
Эл оозунда Балыкооз деген ылакап аты белгилүү бул манасчыга да салттуу түш көрүү негизги себеп болгон. Ал жаш кезинде Наманганга мал айдап баратып жаанга калат. Жаандан корголоп, Манастын күмбөзүнө баш калкалап, анда жатып уктап кетет да, түш көрөт. Түшүндө Манас кырк чоросу менен келип, бизди айтып жүргүн деп табыштайт да, минип жүр деп тору кунан берет. Түшүндө берген кунанды Балык Наманганга бараткан жолунда, Кабак деген жерден кармап минет. Намангандын Кушбегине жеткенде, жолдогу көргөндөрүн, түшү жөнүндө айтып берет. Кушбеги “Манас” айтып берүүсүн өтүнөт. Биринчи жолу ошол жерден “Манас” айтат. Кушбеги аябай ыраазы болуп, аттап-тондоп, Таластын бийлерине кат жолдоп, жакшы тосуп алгыла деп узатат. Ошондон тартып, Балыкооздун өмүрү жалаң сыйдын үстүндө өтөт.
Балыкооз Манас баатырга чейинки кыргыз тарыхы деп, “Оторхан” жомогун айткан, санжыраны, тарыхты аябай мыкты билген манасчы болгон. “Алгач үч чай кайнам айттым, анан үч ай айтсам да түгөнбөдү” – деген Балыкооз аты уламышка айланган Нооруз манасчыдан үлгү алганын Тоголок Молдо эскерет. Балыкооздун даңкы таш жарып турган кезде Байтик Таласка мейманчылап келип, Ажыбектен сурап, Балыкты өзү менен ала кетет. Ошондо манасчы:

“Суу сурасам, бал берген,
Суусар энем аман бол.
Ат сурасам, төө берген,
Ажыбек атам аман бол” –

деп, ырга кошуп коштошот. Талас эли манасчыны улам кетиргиси келбей, улам бири коноктоп атып, анын коштошуусу эле бир жылга созулган экен. Манасчынын элге сиңген кадыры эл оозунда ушундай баяндалат. Ал эми пенде дит багып сүйлөй албаган Байтикке бир гана Балыкооз каяша айткандыгын эске алсак, анын кадыры ого бетер арта түшөт. Манасчынын айттусундагы айрым үзүндүлөр гана биздин күнгө келип жетти. “Таласты мактоо”, “Манастын кээ бир кийимдери”, “Манастын күмбөзү” ж.б. Балыкоозго таандык үзүндүлөрдү Каюм Мифтаков Таластын Кең-Кол жана Улуу-Төр жайлоосунда Сулайман Рыскулбек уулунун айтуусунда жазып алган. Сулайман болсо бул үзүндүлөрдү Балыктын уулу Найманбайдын өз оозунан угуп үйрөнгөн экен.
Атактуу манасчы, Балыкооздун түздөн-түз шакирти Шапак Рысменде уулунун айтымында, Балыкооз улгайып калганда да бетине бырыш түшпөгөн, үнү шаңкылдап, жигит кезиндегидей бийик чыккан киши болгон экен. өмүрүнүн акыркы жылдары кайра Таласка барган Балык:

“Кашка тиштен ажырап,
Карыганда кез болдук.
Калың эттен ажырап,
Арыганда кез болдук” –

деп, эл менен эсендешип ырдайт. өмүрүндө далай жолу жар чакырып, далай жолу айтышка түшкөн, кара нөшөр жамгырдай оозунан ырлар чубурган манасчынын ысмын өз доорунда да, андан кийин да кыргыз журтчулугу аздек менен атап, ага карата качан да болсо урмат көрсөтөт. Эл оозунда айтылып жүргөн “Шербеттин сөзү – берметтин көзү, Балыктын сөзү – калыктын сөзү” – деген ылакап да ошого далил болуп берет.