Бекназарова Касиет

Википедия дан

Бекназарова Касиет – акын. Кочкор-Ата шаарчасында 1951-жылы 22-апрелде туулган.2016 жылы каза болгон.

1968-жылы орто мектепти аяктагандан соң, 1973-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

1973-жылы эмгек жолун Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун “Ленинчил” гезитинде иштөө менен баштаган. Кийин Талас шаарында мугалим, директор жана райондук билим берүү бөлүмүндө тескөөчү, 1998-жылдан Талас мамлекеттик университетинин улук окутуучусу жана студенттердин “Манас урпагы” гезитинин редактору болуп иштеп келет.

1980-жылы Республикалык жаш таланттар фестивалынын жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги”, 2009-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Жолдогу от. – Ф.: Адабият, 1990. - 56 б.

Сырдашуу: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1984. - 30 б.

Тааныш обон: Ырлар жана поэма. - Б.: Гүлчынар, 2009. - 165 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]