Бекниязов, Жайлообек

Википедия дан

Бекниязов, Жайлообек (1940–2002) – акын. 1940-жылы 3-сентябрда Москва районундагы Кызыл-Дыйкан айылында туулган.

1964-жылы Пржевальскидеги пединституттун тил жана адабият факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле жылдын күзүндө Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1965-1966-окуу жылында Буденый орто мектебинде мугалим, 1967-1971-жж. «Кыргызстан», «Мектеп» басмаларында корректор, кенже редактор, 1971-жылдан «Ленинчил жаш» гезитинин адабият жана искусство бөлүмүндө улук кабарчы, 1976-жылдан «Байчечекей» журналынын улук редактору, 1987-жылдан Басмалар боюнча өкмөттүк комитетте жетектөөчү редактор болуп иштеген.

Ж.Бекниязовдун биринчи ырлары 1963-жылы «Ала-Тоо» журналына жарыяланган. 1968-жылы «Ишеним» аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.

1974-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишеним: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1968. - 62 б.

Кезек: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1970. - 60 б.

Кышкы токой: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1973. - 55 б.

Мен кимди жакшы көрөм: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1975. - 14 б.

Айылдык кыз: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1977. - 63 б.

Ала топ: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1978. - 14 б.

Жар боорундагы уялар: Ырлар, легендалар. - Ф.: Мектеп, 1979. - 44 б.

Жанузак мерген: Жомоктор. - Ф.: Мектеп, 1982. - 15 б.

Жылуу таш: Ырлар, табышмактар, жаңылмачтар. - Ф.: Мектеп, 1982. - 64 б.

Майман мамалак: Сценка. - Ф.: Мектеп, 1986. - 16 б.

Баатыр жөжө: Ырлар, табышмактар, жаңылмачтар жана жомок. - Ф.: Мектеп, 1987. - 72 б.

Дарактын үмүтү: Ырлар, поэма. - Ф.: Адабият, 1989. - 120 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Охотник Жанузак: Сказки. - Ф.: Мектеп, 1982. - 20 с.

Зимний лес: Стихи. - Ф.: Кыргызстан, 1985. - 76 с.


Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Полосатый мяч: Рассказы. - Киев: Вэсэлка, 1982. - 20 с. укр.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Барто А. Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1982. - 56 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]