Бекташев Изатилла

Википедия дан

Бекташев Изатилла – акын. Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында 1955-жылдын 10-сентябрында туулган.

1978–1984-жж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун хирургия бөлүмүн бүтүргөн.

Адабиятка болгон шыгы бала кезинен башталып, алгачкы «Жан дүйнө» аттуу ыр жыйнагы 2002-жылы жарык көргөн.

2003-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жан дүйнө. – Жалал-Абад облустук басмаканасы, 2002. – 80 б.

Кылым кайрыктары: Ырлар жана поэмалар. – Жалал-Абад облустук басмаканасы, 2003. - 60 б.

Катылган сыр: Ырлар, поэмалар. – Б.: Бийиктик, 2009. – 96 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]