Бектурганова Күлбүбү

Википедия дан
Күлбүбү Бектурганова
Туулган датасы:

8- сентябрь, 1939-жылы

Туулган жери:

Фрунзе шаары, Кыргызстан

Жарандыгы:

CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

Журналист, жазуучу, политолог

Чыгармачылык жылдары:

1962 - азыркы убакытка чейин

Чыгармаларынын тилдери:

кыргыз тили, орус тили, англис тили

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери

Күлбүбү Бектурганова (1939-жылы 8-сентябрда, Фрунзе шаарында төрөлгөн) - белгилүү жазуучу жана журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күлбүбү Бектурганова 1939-жылы 8-сентябрда, Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. 1956-жылы Фрунзедеги №11 орто мектепти аяктап, 1961-жылы Москвадагы Ленин ордендүү Д.И.Менделеев атындагы химиялык-технология институтунун курулуш материалы боюнча инженер-технолог адистигин аяктаган. 2009-жылы тарых илимдерине кандидаттык диссертациясын коргогон. 1999-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү. 2007-жылдан баштап Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы эмгек жолун “Фрунзегорстрой” ишканасында ири үйлөрдү куруу боюнча инженер-технолог болуп иштөөдөн баштаган.

1962-жылы Курулуш министрлигинин алдындагы “Строитель” гезитинде штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштеп, гезитке анын очерктери публицистикалык чыгармалары жарыяланып турган.

1966-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун өндүрүштүк курулуш кафедрасында улук окутуучусу болуп ишетеген. Ошол эле жылы Кыргызстан Компартиясынын Фрунзе шаардык комитетинде курулуш жана шаардык чарба бөлүмүндө инструктору болгон.

1966–1968-жж. Алматыдагы партиялык жогорку окуу жайында угуучусу болгон.

1970–1973-жж. Фрунзе шаарындагы Биринчи май райондук комитетинде өнөр жай, транспорт бөлүмүнүн башчысы болгон.

1973–1985-жж. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде партиялык уюштуруу бөлүмүндө инспектор, бөлүм башчынын орун басары болуп тандалган.

1985-жылы Талас облустук Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болгон.

1989-жылы Талас шаардык Аткаруу комитетинин башчысы болуп эмгектенген.

1991–1995-жж. облустук “Китеп” бирикмесинин директору болуп иштеген.

1985–1989-жж. Советтик аялдар комитетинин, Кыргыз ССРинин аялдар комитетинин мүчөсү болгон.

Кыргыз ССРинин Ардак грамотасы, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин, СССР Советтик аялдар комитетинин төрт медалы менен сыйланган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жылы Кыргызстандын аялдары жөнүндө китебинин сериялары үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин алкышын алган жана “Выбор Бета Кыргызстан – 2007” грамотасы менен сыланган. Бир нече дипломдор менен сыйланып, “Китеп искусствосу” конкурсунун жеңүүчүсү болгон.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын асыл кыздары. /которгон М. Төлөмүшев./ – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 416 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дочери земли киргизской. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 84 с.

Дочери земли кыргызской. – Б.: Start LTD, 2003. – 180 с.

Дочери земли кыргызской. – Б.: Кыргызстан, 2003. – 320 с.

Роль и место женшины и истории Кыргызстана (XIX начало XXI) – Б.: Центр государственного языка энциклопедии, 2006. – 192 с.

Дочери земли кыргызской. 2. – Б.: Бийиктик, 2007. – 336 с.

Кыргыз, орус, англис тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Женщины в экономике Кыргызстана (авторлор: К. Бектурганова, Е.Лузанова.ОФ “Датка Айым Акылман”). – Б.: Учкун, – 95 б.

Кыргыз, орус тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын аялдары элетти өнүктүрүүдө. Женщины Кыргызстана в развитии села. (авторлор: К. Бектурганова, А.Пазылов ОФ “Датка Айым, Акылман”). – Б.: Учкун, 2006. – 85 с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]