Бектурганов Таалай Камчыбекович

Википедия дан

Бектурганов Таалай Камчыбекович (19.6.1968, Ак-Таш айылы - 1996, Жаңы-Базар айылы) - белгилүү обончу, аткаруучу, гитарист, спортчу.

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун чопо чоор бөлүмүндө билим алган (1994-95). Ал өзүнүн кыска өмүрүндө музыка жанрында өзүнчө чыйыр салып, башкалардын чыгармаларынан кескин айырмаланган ондогон жаңычыл обондорду жаратып, ырларды гитара менен аткарууда дагы жаңычыл багыттагы өзүнүн мектебин негиздеген.

Анын ысмы Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылындагы маданият үйүнө берилген жана “Таалай элеси” аттуу республикалык эстрадалык топ уюштурулуп, анын ырларын элге кеңири жайылтып келет.

“Эсимдесиң”, “Күйгөн жүрөк”, “Өткөн күндөр”, “Оо, жаным”, “Канымдасың”, “Сүйүү арманы”, “Сен мени сүйгүн, сүйбө...”, “Сулуу кыз”, “Ата-эне”, Махабатым - арманым”, “Назира”, “Сагыныч”, “Ырымдын сырлары”, “Эмне мынча сүйөм сени”, “Сүйөм дедиң”, “Көзүмдөн жашым агат, куюлат” ж.б.ырлардын автору. У-шу санда менен да машыгып, республикада байгелүү орундарды ээлеген.

1996 - жылы Орусияда олтуруп кетишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6