Бектурганов Токторбай Арзымбаевич

Википедия дан

Бектурганов Токторбай Арзымбаевич (14. 12. 1940-ж. туулган, Нарын району, Эмгекчил кыштагы) - эмгек каарманы, эл агартуунун жана айыл чарбанын отличниги. Токмок шаарындагы механизация техникумун жана Кыргыз агрардык университетинин агрардык факультетин бүтүргөн (1973).

Эмгек жолун 195760-жылдары Нарын районундагы «Эмгекчил» колхозунда тракторист болуп баштаган. 1965-68-жылдары ошол эле жерде башкы инженер жана мектепте машина айдоону үйрөтүүчү-инструктор, 1968-69-жылдары Тянь-Шань райондук партия комитетинде инструктор, 1969-77-жылдары «Эмгекчил» колхозунда башкарма, 1977-83-жылдары Тянь-Шань райондук айыл чарба техникасы башкармалыгынын директору, 1983-87-жылдары Суусамырдагы «Кызыл-Ой» совхозунда директор, 1987-89-жылдары Нарын облустук агропромунда механизация боюнча орун басар, 1989-94-жылдары Ысык-Көл облусунда элдик контролдун 1-орун басары, облустук партиялык комитетте инструктор жана Балыкчы шаарында «Ак-Чий» фермер чарбасында директор болуп иштеген.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба министрлигинде Жер реформасы боюнча борбордук агенттикте 1-орун басар, генералдык директор болуп 1998-жылга чейин иштеген. 1998-2003-жылдары Бишкек шаарында № 68-гимназияда мугалим, 2003-жылдан учурга чейин Бишкектеги № 4 кесиптик лицейинде «Адеп жана Манас таануу» сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенет. Мындан тышкары экономика боюнча билимин өркүндөтүү үчүн Москва шаарында жана Америка Кошмо Штатындагы Миссисипи университетинде жетекчи кадрларды даярдоочу курсттардан 1979-жана 1998-жылдары өтүп келген. Ошондой эле делегациянын курамында Россия, Моңголия, Америка Кошмо Штатында болгон. Көптөгөн сыйлыктардын ээси.

Лениндин 100 жылдык юбилейлик, СССР Жогорку Советинин «Эмгектеги каармандыгы үчүн» (1974) медалдарына жана 1975-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак громатасына татыган. 1970-ж. «СССР айыл чарбасынын отличниги», андан соң Кыргыз Республикасынын «Элге билим берүү отличниги» жана 1988-ж. СССРдин «Эмгек ардагери» наамына татыктуу болгон.

Тянь-Шань, Жумгал райондук жана Балыкчы шаардык кеңештерине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Москвадагы Бүткүл Союздук айыл чарба техника башкармалыгында коллегия мүчөсү (1969-70). Учурда Бишкектеги №4 лицейде попечителдер жана Ленин районунун социалдык фондунун байкоо кеңештеринин төрагасы болуп иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9