Бектуров Абикен Бектурович

Википедия дан

Бектуров Абикен Бектурович (2. 12. 1901-ж. т. ) -советтик химик, Казак ССР ИАнын акад. (1946), тех. илимдин доктору (1945), профессор (1946), 1944-жылдан КПССтин мүчөсү.

Казак ССРинин илимге эмгеги сиңирген ишмери (1945). 1931-ж. Омск айыл чарба институтун бүтүргөн. Казак мамлекеттик университетинин жалпы химия кафедрасыныи башчысы (1937-50), Казак ССР ИАнын Химия институтунун директору (1946-68). Б-дун жетекчилиги алдында Кара-Тоо фосфоритинен минералдык жер семирткичтер алынып, өндүрүшкө киргизилген. Анын 200дөй илимий эмгеги, 2 монографиясы бар. Ленин ордени, "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.