Бектурсунов Сүйүнтбек (1909–1962)

Википедия дан

Бектурсунов Сүйүнтбек (1909–1962) – котормочу. Талас районунун Үч-Кошой айылында 1909-жылы 20-декабрда туулган. Ал айылдагы мектепте, балдар үйүндө окуп тарбияланган. 1925-1930-жж. Фрунзедеги Кыргыз педагогикалык техникумунда окуган.

1930-жылдан Ош облусунун Араван айылында мектептин директору, 1930-1931, 1935-1937-жж. Кыргыз АССРинин Агартуу элдик комитети тутумунда, 1939–1940-жж. Кыргызстан мамлекеттик театрынын директору, 1932–1934-жж Кыргызстан облустук комсомол комитетинин маданият жана агитация-пропаганда бөлүмүнүн башчысы, 1937–1938-жж. Кыргызстан Борбордук партия комитетинин алдындагы партиянын тарыхы институтунда котормочу-редактор, 1938-1939-жж. жана 1940-1943-жж. Кыргызстан мамлекеттик басмасынын партиялык жана көркөм адабият бөлүмүнүн башчысы, 1943-1944-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакторунун орун басары, 1946-1948-жж. Кыргызстан Министрлер Советинин алдындагы искусство иштери боюнча башкаруу театралдык бөлүмүнүн начальниги, 1954-1957-жж. “Кыргызокуупедмамбастын” көркөм балдар адабиятынын редактору болуп иштеп келген.

Ал 1931-жылдан массалык-саясий китептерди, марксизм-ленинизм классиктеринин эмгектерин, 1939-жылдан көркөм чыгармаларды которо баштаган.

1940–1950-жж. Л.Толстойдун аңгемелерин, төрт томдон турган «Согуш жана тынчтык» романын, М.Шолоховдун, М.Горькийдин, А.Чеховдун ж.б. чыгармаларын, кинофильмдерди которгон, ошондой эле көркөм котормо жана кыргыз адабияты жөнүндө бир нече сын макалаларды жазган.

С.Бектурсуновдун котормосу боюнча кыргыз драма театрында М.Горькийдин, Погодиндин, Симоновдун, Виртанын ж.б. пьесалары коюлган.

1949-жылы С.Бектурсунов В.Горячих менен бирге «Армансыз азаматтар» деген пьеса жазып, ал пьеса облустук театрларда коюлган.

1955-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чехов А. П. Аңгемелер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 124 б.

Жариков Л.М. Кар, бороондоп жаагын. (28-гвардиячы панфиловчулардын баатырдык иштери жөнүндө повесть.) – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 88 б.

Бартольд В. В. Кыргыздар: Тарыхый очерк. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 92 б.

Толстой. Л. Н. Согуш жана тынчтык. 1-том. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 347 б.

2-том. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. - 400 б.

3-том. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. –372 б.

4-том. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. –332 6.

Горький М. Васса Железнова; Акыркылар: Пьесалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 136 б.

Горький М. Душмандар: Егор Булычев жана башкалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953.– 140 б.

Гоголь Н. В. Өлүү жандар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. –263 б. (К.Эшмамбетов менен бирге.)

Маяковский В. Американы ачышым: Очерк. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953.–88 б.

Толстой А. Аңгемелер жана жомоктор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 76 б.

Улуг-заде С. Гүлдөгөн жер: Роман.– Ф.: Кыргызмамбас, 1954. –360 б. (О.Орозбаев, Д.А.Абдылдаев менен бирге).

Толстой Л. Н. Кичинекей аңгемелер, жомоктор жана тамсилдер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955.– 68 б.

Аксаков С. Буюккан киши. –Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 32 б.

Чапаев жөнүндө аңгеме. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 71 б.

Толстой Л. Н. Пейилдин оңолушу: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 504 б.

Горький М. Чыгармалар жыйнагы. 9 том. - Ф.: Кыргызмамбас, 195б.

Горький М. Повесттери жана аңгемелери. - Ф.: Кыргызмамбас, 195б.

Горький М. Владимир Ильич Ленин. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 46 б.

Горький М. Мен кантип окудум. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957.–31 б.

Распэ Э. Мюнхаузендин шумдуктары: Кенже балдар үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 88 б.

Абрахаме П. Каар жолу: Роман. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 264 б.

Пушкин А. С. Капитан кызы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958 – 148 б.

Майн Рид. Башы жок чабандес. Өспүрүмдөр үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 459 б.

Толстой Л. Н. Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 425 б.

Толстой Л.Н. Севастополь декабрь айында: Аңгеме. - Ф.: Кыргызстан,1974.

Гоголь Н.В. Повесттер: Жаштар үчүн. - Ф.: Мектеп, 1976. (авторлош).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]