Белашова,

Википедия дан

Белашова, Екатерина Федоровна (1906–1971) – сов. скульптор, СССР эл сүрөтчүсү (1963), СССР сүрөтчүлөр академиясынын мүчө-корр. (1964). Ленинград көркөм академиясында окуган (1926–32). Б. Москвадагы жогорку көркөм-өнөр жай окуу жайынын проф. (1952–65), СССР сүрөтчүлөр союзунун секретары (1957–68), председатели (1968–71) болуп иштеген. Б. негизинен станоктук скульптурада эмгектенген. Белгилүү чыгармалары – “Н. А. Добролюбовдун портрети” (коло, 1959), “А. С. Пушкин, 1837-жыл” (коло, 1964), “Шопен” (1968, коло), Москвадагы Н. К. Крупскаянын эстелигинин долбоору (гипс, 1970). Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]