Бела Барток

Википедия дан
Béla Bartók (1927)

Барток Бела (25. 3. 1881-26. 9. 1945) - венгер композитору, пианист жана музыковед-фольклориулук

1907-жылдан Будапешттеги музыкалык академиянын профессор Пианист катары 1919-жылдан тартып көп өлкөлөрдө гастролдо болгон. Барток венгр, румын, словак ж. б. элдериндеги дыйкандардын фольклорун изилдеген. Анын "Көк Сакал герцогдун сепили" (1911) опе-расына окшогон чыгармаларын консервативдүү сын жактырган эмес. 1919-ж. жазылган эң көрүнүктүү чыгармасынын бири - "Укмуштай мандарин" белети (1926-ж. коюлган). Бартоктун чыгармаларынын көпчүлүгү - аспаптык музыка. Дүйнөдөн кайткандан кийин ага Кошут атындагы сыйлык (1948) жана Тынчтыктын эл аралык сыйлыгы (1955) берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.